14:13, 18 января 2018, Бишкек - 24.kg
Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташуучу автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып «Азаттыктын» казак кызматы жазды.
Окуя бүгүн эртең менен жергиликтүү саат боюнча 10:30дарда болгон. «Икарус» үлгүсүндөгү автобуста 57 жүргүнчү болгон. Аман калган 5 жүргүнчүнүн арасында да оор жаракат алгандар бар.
Алдын-ала маалыматтарга ылайык, мерт болгондор Өзбекстандын жарандары.
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде Казакстандын күч кызматтары, куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда.