2017-жылы 12 кыргызстандык жынысын өзгөрттү

11:20, 18 января 2018, Бишкек - 24.kg

2017-жылы 12 кыргызстандык жынысын өзгөрттү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Кыргызстандын жарандары «Жарандык абал тууралуу акттар» мыйзамынын 72-беренесине ылайык жынысын өзгөртө алат. Мыйзамдык жобо боюнча, жаран жынысын өзгөрткөндүгү тууралуу медициналык маалымдама алып келген учурда гана өзгөртүлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдан баштап гана жынысын өзгөрткөндөрдү анализдеп баштады.