10:46, 18 января 2018, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдар үйүнүн жетекчилиги эки кызды кыргызстандык үй-бүлөгө бербей, зордоп АКШнын жарандарына багууга беришкен. Бул тууралуу парламенттин депутаты Ирина Карамушкина бүгүнкү жыйында маалымдады.
Анын айтымында, америкалык үй-бүлөнүн кызыкчылыгын Социалдык өнүгүү министрлигинин атайын бөлүмү коргогон. Алардын көрсөтмөсү менен интернат жетекчилиги кыздарды жергиликтүү үй-бүлөгө көрсөтпөй жашырышкан.
«Кыргызстандык ата-эне келгенде кыздарды ооруканада деп айтышкан. Чындыгында алар интернатта болгон. Ал эми АКШдан келген үй-бүлө менен жолуктурууга түнү алып чыгып барышкан. Кыздардын каршылыгына, ыйлаганына карабай багууга уруксат беришкен» — дейт ал.
Депутат бул боюнча иш козгоп, текшерүүнү талап кылды. Ирина Карамушкинанын айтымында, эгиздерди бири-биринен ажыраткан учурлар дагы кездешет.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 130 миң жетим бала.