Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдогон ишкананын жетекчиси Эркин Мергенбаев соттолду. Бул тууралуу "24.kg«агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Алардын маалыматында, «Темир танк» ишканасынын башкы директору Эркин Мергенбаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга кесилди. Сот аны бажы жыйымдарын төлөөдөн качып, аткезчилик менен алектенген деп тапты. Тергөөнүн билдирүүсүндө, Эркин Мергенбаев ири көөлөмдөгү желим олтургучтарды Кыргызстанга ташып кирип, 1 миллион 570 миң сом бажы төлөмүн төлөгөн эмес.
Эскерте кетсек, Эркин Мергенбаев 2014-жылы ипподромду оңдоого өкмөттөн тапшырык алган. Кийиин ал мамлекет ага акысын төлөп бербей жатканын айтып чыккан.