Самара Каримова Боинг-747 учагынын курмандыктарынын элесине ыр арнады

15:47, 16 января 2018, Бишкек - 24.kg

Ырчы Самара Каримова Дача-СУ айылына кулаган учактан мерт болгондордун элесине ыр арнады. 

Эскерте кетсек, мындан бир жыл мурун Чүй облусунун Дача-Су айылына Гонконг-Стамбул каттамы менен бара жаткан жүк ташуучу учак "Манас" эл аралык аэропортуна конуу алдында кыйроого учураган. Ал ондогон үйдү бузуп 35 жергиликтүү тургундун өмүрүн алган. Эки бала томолок жетим калды.