20:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бир жыл ичинде 8 миңге жакын жаран өкмөткө ар кандай маселе менен кайрылды

2017-жылы өкмөткө жарандардан 7 миң 837 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу премьер-министрдин аппараты маалымдайт.

Жарандардын 2 миң 651и оозеки жана 5 миң 186сы кат түрүндө кайрылган. Мында жеке премьер-министрге 886, президенттин аппаратына 271, Жогорку Кеңешке 653 арыз келген.

Өкмөт башчысы менен жолугушууга келген 1273 жарандын 346сы кабыл алынган.

КМШга мүчө-мамлекеттерден жана алыскы чет мамлекеттерден 29 кат келип түшкөн.

Өкмөттүн маалыматында, эң көп кайрылууну Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад аймактарынын тургундары жолдошкон. Алар көбүнчө социалдык жана турак жай маселелерине байланыштуу.

Эң көп окулган жаңылыктар