22:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жүргүнчүлөр «Манас» аэропортундагы эне-бала бөлмөсүндөгү суукка даттанышты

Жүргүнчүлөр «Манас» эл аралык аэропортундагы эне-бала бөлүмүндөгү суукка даттанышты. Бул тууралуу Нуркан Койчуманова Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, Ош аэропорту тумандан улам жабылгандыгына байланыштуу жүргүнчүлөр суткалап учактын учушун күтүүдө.

«Бирок, ызы-чуу чыгарган эч ким деле жок. Сабырдуулук менен күтүп жатабыз. Бирок, аэропорттун эне жана бала үчүн ачылган бөлмөсүндөгү шарт таң калтырат. Бөлмө суук. Суу ичкенге дагы мүмкүнчүлүк жок. Бир чыны чайдын баасы аэропортто 60-100 сомго чейин көтөрүлдү. Балдар бөлмөсүнө каттамын күткөн операциядан кийин жолго чыккан апа дагы жайгаштырылды. Биздин арызыбызга аэропорт жетекчилиги көңүл бөлгөн жок» — дейт Нуркан Койчумонва.

Аэропорттун жетекчилиги баардык залдар жана бөлмөлөр жылытыларын билдирди. Ал эми учпай жаткан каттамдарды жайгаштыруу, түнөк табуу авиакомпаниянын милдети экендигин эскертет. 

Эскерте кетсек, эки күндөн бери туманга байланыштуу Ош аба майданы убагы менен жабылып, ички жана эл аралык каттамдарды кабыл албай жатат. Бишкек-Ош жолу ачык. Бирок, кар калың жаап, анүстүнө кар көчкү жана таш кулоо коркунучу бар болгондуктан ӨКМ узак жолго чыкпай туруу кеңешин берет.

Эң көп окулган жаңылыктар