20:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Үч авиакомпания «Бишкек-Ош-Бишкек» каттамдарынын билет баасын арзандатат

«AirManas», «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты. Бул боюнча өкмөт маалымдайт.

Келишимге ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяласа, «Бишкек-Ош-Бишкек» каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана «Бишкек-Ош» унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат.

Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер кайра мурдакыдай баада сатыла баштайт.

Белгилесек, 11-январда, премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума