КСДП партиясынын жыйыны жылдырылды

14:34, 15 января 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын жыйыны артка жылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине парламент депутаты Марат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, партиянын курултайы февралдын аягына даярдалууда. Бирок, күнү белгисиз.

КСДП жыйында Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына кайра шайлоону гана пландоодо. Андан кийин мурдакы президенттин кайра саясатка кайтып келиши күтүлөт.