18:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Суроо-жооп. «Мусулманча ысым» баланын келечегине кепилдик боло алабы?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Кайынэнем «мусулман баласына сөзсүз мусулманча ысым коюш керек» -деп, балама арабча ат койгула деп мажбурлап жатат. Ушу «мусулманча ат» деген баламдын келечекте ыймандуу, ырыстуу, бактылуу болошуна кепилби?

Жооп: «Мусулманча ысым» дегенди туура түшүнүү керек. Ал ислам дининде орду бар, анын өнүгүүсүнө салым кошкон пайгамбар, аалым жана башка кишилерди ысмы. Көбүнчө бул араб тилиндеги ысымдар. Андыктан, арабча аттар деп атоо туура.

Арабча сөз менен атоо ата-энеге милдет эмес. Көпчүлүк аалымдар ысымдын маанисине көңүл бөлүүнү сунуштайт. Мисалы, Мухаммед — бул арабачадан которгондо «мактоого татыктуу» дегенди билдирет. Сулайман — «тынчтыкты орнотуучу» деген мааниде.

Көпчүлүк араб тилинде аттардын исламга тиешеси жок, же болбосо, андай ысымдарды инсандарды динде табуу кыйын. Алар болгону арабтар балдарына жакшы ниет, ой менен койгон ысымдар, же араб тилиндеги сөздөр. Андыктан, аны «мусулманча» деп атоо талаш жаратат. Мында, ислам дини улутка, тилге бөлбөстүгүн эске алуу керек. Ар бир мусулман өзүнүн тилине, улутуна, ниетине жараша ысымды алып жүрүүгө укуктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар