Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу убактылуу жабылды

11:20, 15 января 2018, Бишкек - 24.kg

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Маалыматта, жолдун 85-100чакырымдарынын аралыгында кайрадан кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу жана унаа жолун тазалоо максатында, Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-Акимдин ооз эки буйругунун негизинде жол жабылгандыгы айтылат.