07:06
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

Айдаркен сымап комбинаты ишке кириши менен 200 адам жумуш менен камсыз болду

Айдаркен сымап комбинаты кайра ишке кирип, 200 адам жумушка алынды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгү маалымдайт.

Жетекчиликтин айтымында, жакынкы күндөрү кызматкерлердин санын эки эсеге көбөйтүлөт.
Буга чейин маалым болгондой Айдаркен сымап комбинаты, 10 жылдап шахтасын суу каптап калгандыктан иштебей турган. 2017-жылдын июль айында комбинаттын жетекчилиги Ата Мекендик Северстайл компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, иштеп башташкан.
Натыйжада алты айга жетпеген убакта 660метр тереңдиктеги шахтанын суусу насостор менен тартылып, сырье өндүрүүгө толук шарт түзүлдү.10 күндүн ичинде кен казуу жумуштары башталат, жумушчулардын саны көбөйөт дейт, комбинат жетекчилиги. Учурда шахтадан тартылып алынган суу, жакынкы айылдарга сугат суу үчүн пайдаланууга берилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар