Ош шаарында 150 орундуу заманбап оорукана курулууда

17:49, 12 января 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 150 орундуу заманбап оорукана курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта, курулуш иштери 80 пайыз аяктады. Курулуш иштерине 1 млрд. 800 млн. сом жумшалууда.

«Комплекстин жалпы аянты 25 миң чарчы, ал эми курулуштун аянты 12 жарым миң чарчы метрди түзөт. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот» — дейт мэрия.

Курулуш иштерин «Топ интернешнл инжиниринг» корпорациясы жүргүзүп жатат. Оорукананын ачылышы июнь айына пландалууда.