Ат-Башыда 18 жаштагы жигит асынып алды

16:26, 12 января 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 18 жаштагы жигит өз моюн орогучуна асынып алды. Бул тууралуу райондук Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Кырсык 9-январда болгон. 1999-жылы туулган айыл тургуну көчөдөгү түркүкө моюн орогучун байлап, асынган. Териштирүү иштери жүрүп жатат.