13:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргыз жасалма паспорту дүйнөлүк жаңылыктарда. Бир да аткаминер жазалана элек

Кыргызстандын жасалма паспортуна байланыштуу эл аралык чатактарга карабай, өлкөдө ага жоопту бир да аткаминер жоопко тартыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын бүгүнкү жыйында Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбеков маалымдады.

Депутат кыргыз паспорттору менен кармалган 900дөн ашык Кытай жарандарын эстеп, ал боюнча иш аягына чыкпагандыгын билдирди.

«Кыргызстанга жашоого уруксат алуу үчүн ар бир кытай жараны 3-4 миң доллардан берген. 900 кишини бир топ акча. Ал боюнча иш аягына чыккан эмес» — деди депутат.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 996 кытай жаранына Кыргызстанга жашоого мыйзамсыз түрдө уруксат берилшген. МКК департаментинин жетекчилигине иш козголгон. Ошол жылы Сауд Арабияда 98 уйгур улутундагы Урумчүнүн тургундары жасалма кыргыз паспорттору менен кармалган.

Өткөн жылы Башкы прокуратура жасалма паспорт боюнча 42 кылмыш иши козгонун маалымдаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума