Чолпон-Ата шаарында наркодиллер бир кишини барымтага алышкан

14:33, 12 января 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында буга чейин маң зат сатып кармалган эки киши жергиликтүү тургунду барымтага алып, бешинчи кабаттан ыргытабыз деп коркутушкан. Бул тууралуу «24.kg»  агенттигине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматта жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылып, 8-январь күнү аны уурдап кеткен кишилерге карата чара көрүүнү суранган. 

Арыз менен кайрылган кишинин айтымында, аны iPhone-5 телефонун алып алышып, көп кабаттуу үйдөн ыргытабыз деп коркутушкан.  «Кишини барымтага алуу», «Өмүрүнө кол салуу», жана «Тоноо» беренелери менен иш козголду.  

Милициянын билдирүүсүндө, айыпталган жарандар буга чейин баңги зат менен кармалып, баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.