14:19, 11 января 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Агам Куралдуу күчтөрдө кызмат кылып жүрүп жаракат алып, майып болуп калды. Бир аз пенсия
алат, жеңилдиктерин алып салыптыр. Биз президенттин аппаратына, прокуратурага арыз менен кайрылганбыз. Бирок, дагы эле жообу жок. Эмне кылсак болот?Жооп: Мыйзамга ылайык мамлекеттик мекемелер он күндөн бир айга чейинки мөөнөттө жооп бериши керек. Экинчи жолу да кайрылып көрүңүз, болбосо, маалымат алууга укугуңузду колдонуп, жооп бербеген мамлекеттик органдарга сотко даттанаса аласыз.