15:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Депутат Ысык-Көлдөгү ишкерлерди тоногон «караларды» ооздуктоону талап кылды

Депутат Ысык-Көлдөгү ишкерлерди тоногон «караларды» ооздуктоону талап кылды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов бүгүнкү пленардык жыйында билдирди.

Дастан Бекешов өткөн жумада Бостери айылында өрттөлгөн кафеге уюшулган кылмыштуу топтун катышы бар экенин айтылып жатканына токтолду. Анын айтымында, уюшулган кылмыштуу топ мамлекеттик сыноого өттү.

«Бул маселени мен бир нече жолу көтөрдүм. Ички иштер министри менен сүйлөшкөндө дагы, эч ким арыз жазбастыгын, жазса эле аларды өрттөп кетерин айтты эле. Эгер биз унчукупай койсок, жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Кылмыштуу топ мамлекетти сыноого алып жатат. Алардын тизгинин тарта турган чечкиндүү аракеттерди көрүү керек. 2011-жылы Кыргызстандан уюшулган кылмыштуу топ куулган. Алар азыр кайра келип, баш көтөрүп жатат», — деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, Бостери айылында өрттөлгөн кафенин кожоюуну ага жергиликтүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип, акча талап кылганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби