Эмомали Рахмон: Тажикстан коңшулар эч качан көйгөй жараткан эмес

08:41, 11 января 2018, Бишкек - 24.kg

Тажикстан эч качан коңшуларына көйгөй жараткан эмес жана аймактагы өлкөлөрдүн интеграциясына, экология менен суу ресурстары боюнча маселелердин тынч жол менен чечилишине умтулат. Бул тууралуу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Тажикстан башчысы менен Өзбекстандын премьер-министри эки өлкө ортосундагы соода чектөөлөрүн жоюу, жарандарды чек арадан өткөрүү системасын жеңилдетүү, темир жол байланышын калыбына келтирүү, мина көмүлгөн чек ара аймактарын тазалоо маселелерин талкуулашты.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 10-январда Тажикстанга жумушчу сапар менен келген. Сапардын алкагында Душанбеде Тажикстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отуруму өттү.

Бул арада Мирзиёев Душанбеге жазында келери маалымдаган. Буга чейин өзбек президенти Тажикстан менен достук мамиле жөнгө салынарын билдирген