Москвада Кыргызстандык ымыркай менингиттен набыт болду

17:31, 10 января 2018, Бишкек - 24.kg

Москвада Кыргызстандык ымыркай менингиттен набыт болду. Бул тууралуу MK.ru маалымдайт.

Маалыматта 11 айлык кыз 7-январда ооруканага түшкөндүгү айтылат.

Анын ата-энеси Москвага төрт ай мурда келип, атасы курулушта иштеп жаткан. Наристе менингитке каршы эмделген эмес.