Суроо-жооп. Ооруп калган кызматкерди жумуштан бошотуу мыйзамдуубу?

15:56, 10 января 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жолдошум ооруп калгандан кийин аны жумуштан бошотушту. Даарыгерлер мындай дарт менен

иштей аларын айтышат. Сотко кайрылсак болобу?

Жооп: Мында жумуштан бошотуунун себебин карап көрүш керек. Эмгек кодекси боюнча юрист менен кеңешип көрүңүз. Мыйзам боюнча жумуштан айдалгандан кийин эки ай ичинде сотко арыз менен кайрылышыңыз керек.