Москвада Азиз Батукаев аймак талашууга өттү. Бул тууралуу «Прайм Крайм» агентиги
маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 30-декабрь күнү Москванын Кутузов проспектиндеги көчөлөрдүн биринде полициянын ыкчам тобу 15 кишини кармаган. Маалыматта, алардын бешөө азербайжан, ону чечен улутундагы жарандар экендиги айтылат.
Агенттиктин маалыматында, алар кримтөбөл Азиз Батукаев жана Надир Салифовдун кишилери. Эки төбөлдүн атынан сүйлөшүү жүргүзүп жатышкан. Батукаев менен Салифов Москвадагы үч базардыан түшкөн акчаны талашууда. «Гули» каймана аттуу Надир Салифов ал базарларды дагы бир кримтөбөл Заур Алиевден кийин башкара баштаган. Ордо Азиз Батукаевдин кишилери базарлардан түшкөн кирешени өз кожоюунуна жөнөтүүгө аракеттенишкен.
Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы түрмөдөн бошотулган. Анда Нарын соту Саламаттыкты сактоо министрлигинин кримтөбөл оор абалда экенин, саналуу күндөн кийин көз жумары боюнча бүтүмүнө таянып эркиндикке чыгарган. Азиз Батукаев ошол эле күнү чартердик учак менен Россияга учуп кеткен.