14:28
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мирзиёев дүйнөнү өзгөртүп жаткан он лидердин катарына кирди

Түркиянын Derin Ekonomi басылмасынын саясий баяндамачылары Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөдөгү жана аймактагы абалды өзгөртүүгө кудуреттүү лидерлердин катарына кошту. Бул тууралуу «Жахон» маалымат агенттиги кабарлады.

Тизмеге өз чечими менен өлкөсүндөгү, ошондой эле аймактагы кво-статусун өзгөртүп, эл аралык аренада абалга чоң таасир этүү менен ММКларда көп айтылган ысымдар кошулган.

Адистер белгилегендей, Мирзиёев президент болгон күндөн тартып Өзбекстанда реформаларды баштап, жарандардын дин тутуу эркиндиги, күч органдарынын ишин иретке келтирүү, өлкөнүн либералдашуусуна багытталган иштерди ийгиликтүү аткарууда.

Жаңы жетекчинин келиши менен Өзбекстанда соода эркиндигине түз таасир берген олуттуу чечимдер кабыл алынып, тышкы валюталык саясаттын ачыктыгы чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктыра баштады, деп белгилешкен басылманын баяндамачылары.

Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчысы кызматындагы эң маанилүү кадамдарынын бири катары башка өлкөлөр менен, анын ичинде коңшулары менен мамилени оңдоого багыт алгандыгы айтылган.

Түрк басылмасы «алдыңкы ондукка кирген айрым лидерлер коомчулукка жакшы тааныш эмес болушу мүмкүн, бирок 2018-жылы дүйнө аларды кылган иши аркылуу терең биле баштайт» деп белгилеген.

Мирзиёевден тышкары алдыңкы он лидердин катарына Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министри, шейх Абдулла бен Зайд аль-Нахайян, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) жетекчиси Роберт Мюллер, Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана башкалар кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар