Апрелге чейин күтүлгөн жөлөкпул берилбейт. Президент мыйзамга кол койду

18:00, 29 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жөлөк пул» тууралуу мыйзамга кол койду. Бул боюнча мамлекет башчысынын аппараты маалымдайт.

Эскерте кетсек,1-январдан тарта «Мамлекеттик жөлөк пул» жөнүндөгү мурдакы мыйзам күчүн жоготуп, жаңысы күчүнө кирмек. Ага ылайык мамлекеттен колдоо үй-бүлөлүк кирешесине карата эмес, баласынын санына жараша бериле баштамак.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул мыйзамды апрелге чейин жылдырууну суранган. Парламент аны колдогон.