15:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жалал-Абаддын башчысы «Кыргыз таймс» интернет басылмасын сотко берет

Жалал-Абаддын башчысы «Кыргыз таймс» интернет басылмасын сотко берет. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине облустук администрациядан билдиришти. 

Алардын айтымында, өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ал жөнүндө туура эмес маалымат таркаткан «Кыргыз таймс» интернет басылмасын сотко берүүгө камынып жатат. 

Басылма Кыянбек Сатыбалдиев жогорку билим боюнча дипломун сатып алганын, ага 800 доллар коротконун жазып чыккан. 

Аткаминердин айтымында, анын экономикалык жана юридикалык эки диплому бар. 

Эң көп окулган жаңылыктар