Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы убадаларын 2018-жылда аткарат

11:27, 28 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы убадаларын 2018-жылда аткаруу убадасын берди. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, өкмөт менен бирге баардык пландар ишке ашат.

Жогорку Кеңеште бүгүн биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев ант беришти.