Оюндан чыккан от. КТРКнын дикторунун кечеге кийген кийими боюнча текшерүү жүрөт

13:27, 26 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук кызматы КТРКнын диктору Канат Абазбеков жаңы-жылдык кечеге кийген кийими боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Фото

Эскерте кетсек, өткөн жекшембиде КТРК жаңы жылдык коорпоративин өткөрдү. Facebook социалдык тармагында жарыяланган сүрөттөрдө Канат Абазбеков немец улутчулу — Гитлердин кийимин кийип түшкөн. Бул социалдык тармактын колдонуучулары арасында чуу жаратты. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков диктор Гитлердин ролун аткарганын билдирди.