15:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Ата Мекен» юристтерине Атамбаевге 10 млн. төлөмөйүн четке чыгууга тыюу салынды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайкүл Токтокуновага өлкөдөн чыгууга тыюу салды.

Алар мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге карызын төлөп бүтмөйүнчө чет өлкөгө чыга алышпайт.

Эскерте кетсек, Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтокуновага каршы доо арыз менен сотко Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп кайрылган. Партиянын юристтери маалымат жыйында былтыры январь айында Дача-СУ айылында кулаган учактагы жүк Атамбаевге тиешелүү экендигин айтышкан. Сот юристтерге 10 миллион сом төлөп берүү чечимин чыгарган.

Бул боюнча чечимди Жогорку сот дагы колдоду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума