15:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Күйөөсүн өлтүргөн Айдай Субанова 16 жылга кесилди

Күйөөсүнүн өлүмүнө шектелген Айдай Субановага карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чечим чыгарды.

Сот аны Эрлан Оркошевду өлтүрүп, денесин мүчөлөп, таштандыга таштаганы үчүн толук айыптуу деп таап 16 жылга эркинен ажыратты.

Айдай Субанова мөөнөтүн Чүй облусундагы Степной айылындагы абакта өтөйт.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 14-августунда Бишкек шаарынын бир нече таштанды челектеринде кишинин дене мүчөлөрү табылган. Эрлан Оркошевдун өлүмүнө 25 жаштагы аялы, Медициналык академиянын бүтүрүүчүсү Айдай Субанова кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар