10:29, 25 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Мурдакы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев генерал-майор наамынан айрылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өз маалымат булактарынан белгилүү болду.
Биринчи май райондук соту Таалайбек Өмүралиевге каршы козголгон иш боюнча аны айыптуу деп таап, 5 миллион сом айып пул салып, наамын кайтарып алды.
Эскерте кетсек, мурдакы коргоо министрине аскер кызматкерлерине 2014-жылы «Жал» кичирайонундагы батирлерди туура эмес бөлүштүргөнү үчүн иш козголгон. Таалайбек Өмүралиев менен бирге дагы 10 кишиге «кызмат абалына кыянаттык», «шалаакылык» беренеси менен айып тагылган.
Таалайбек Өмүралиев 2011-2014-жылдары Коргоо министрлигин жетектеген.