13:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көгүлтүр от, куттуктоолор... Жергиликтүү теленин жаңы жылдык программалары

Жергиликтүү телеканалдар баш оту менен киришип, жаңы жылдык программаны даярдоодо. Көпчүлүгү салттуу «Көгүлтүр отту» ресторандарда тартышты. Шоу бизнес өкүлдөрү жаңы жылдык теле кечелердеги мыкты көйнөк жана жасалгалары менен инстаграмм баракчасында мактанып бүтпөй жатышат.

«24.kg» агенттиги белгилүү телеканалдардын жаңы жылдык программалары менен таанышып чыкты.

КТРК салтты кармап, ыр-бий менен

КТРК адаттагыдай эле жаңы жылдык түндү «Көгүлтүр от» менен баштайт. Андан тышкары, ар бир каналында жаңы-жылдык программалары даяр.

Мисалы, «Маданият» телеканалы Эне тилеги-эл биримдиги аттуу «Шайыр апалар» теледолбоорун көрсөтөт. Бул күнү кыргызстандыктарга жакшы тааныш «Ырдайлы кыргыз ырларын», «Төкмө келсе, төр бошот» жана «Ала-Тоо таңшыйт» концерттик программаларын көрө аласыздар.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. "Сармерден" телеберүүсү

Кыскасы, мукам үндүү кыргыз ырчыларынын жана чебер колдуу музыканттардын өнөрүн сүйүүчүлөр «Маданияттан» алыс болбоңуздар.

ЭлТР: Таттуу жана шаңдуу берүүлөр

ЭлТР телеканалы быйыл жаңы-жылдык программасын өтө дыкат иштеп чыкты. Буга чейин 31-декабрь күнү апасынын дасторконун күтүп олтурган балдар көбүнчө көңүл сыртында калса, ЭлТР аларга арнап атайын берүүлөрдү даярдады.

Андыктан бөбөктөр 31инен тарта эс алуу күндөрү бул канал менен бирге болуп, «Илим жана Билим» каналы даярдаган берүүлөргө, тасмаларга күбө болушат.

Айтмакчы, ЭлТР жалаң жаш таланттардын катышуу менен атайын концерттик программа да камдап койду.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. ЭлТР

Каналдын журналисттери чыгармачыл инсандар менен бирге атайын «Жаңы жылдык жарманке» деген тасма даярдашты. 

Ошондой журналисттер «Жаңы жыл сыйкыры» берүүсүнүн үстүндө көп эмгектенип, жакшы материал тартуулоого даяр.

ЭлТРдин Бишкектеги кеңсеси өзүнчө Ош өзүнчө «Көгүлтүр отту» тартып, аны түн жарымында эфирди шаңга, ырга бөлөп сунушташмакчы.

«Биздин көрүүчүлөрдүн купулуна толот деп ойлоймун. Баары таттуу жана кызыктуу болот» — дейт ЭлТРдин башкы директорунун орун басары Нурлан Адаев.

Жылды мыктылап жыйынтыктап

«ON1» телеканалы жылдын жыйынтыгын даярдоодо. Алар жаңылыктар программасынын алкагында 2017-жыл ичинде болуп өткөн окуяларга баасын бермекчи.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. "ON1" телеканалы

Ыр-бийдин сүйүүчүлөрү 31-декабрда «ON1» телеканалына токтолбой койгону эле туура.

Дагы бир телеканал «Next TV» дагы концерттик программа сунуштабайт. Алар жалаң гана саясый окуяларга басым жасап талдоо жүргүзөт. Каналдын жетекчилигин билдирүүсүндө, журналисттер бир нече убакыттан бери жүргүзгөн атайын иликтөө бар. 31-декабрь күнү ошол эфирге берилет.

«Пирамида» таң атпай эфирди сыйкырлайт

«Пирамида» телеканалында 31-декабрда саат 8.00дөн 12.00гө чейин таңкы тамаша болот. Чолосу тийбей, жакындарын куттуктоого жетишпей жаткандарга каналдын whatsapp номери аркылуу түз эфирде куттуктап алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Андан ары ретро кинолордун сүйүүчүлөрү дагы бир жолу «Үйдө жалгыз» тасмасын көрүшөт.Кечинде белгилүү ырчылар катышкан «Көгүлтүр от», белгилүү инсандардын куттуктоолору менен коштолот.

Фото "Пирамида", "Көгүлтүр от"

Айтмакчы, президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун «Пирамида» дагы көрсөтөт. 

«Бешинчи канал» жылдын каарманын аныктайт

«Бешинчи канал» каймактын баарын таңкы берүүгө даярдады.

«Биз жылдын мыкты каармандарын аныктайбыз. Жыл ичинде өзүнүн жумушуна, талантына берилген инсандарды эфирге чакырып жатабыз. Ыр, күлкү-тамаша, кызыктуу маек баары түз эфирде болот» — телеканалдын таңкы берүүсүнүн продюссери Арстанбек Абдыменов.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Бешинчи канал

Эң көп окулган жаңылыктар