13:09, 22 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Баткен облусундагы үй-бүлөлөрдүн 35 пайызынын өкүлдөрү четте миграцияда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйыныда айтылды.
Ош облусундагы үй-бүлөлөрдүн 25 пайызында, Жалал-Абад облусунда 27 пайызында мигранттар бар.
Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарындагы үй-бүлөлөрдүн 7 пайызынын гана өкүлдөрү чет жакта иштешет.