Бишкекте кыргыз тилдүү беш гана бала бакча бар

11:29, 22 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында кыргыз тилдүү беш гана бала бакча бар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйынында айтылды. 

Ош шаарында 10 бакча кыргыз тилинде тарбия берет. 

Билим берүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Бишкекте кыргыз тилдүү мектептердин да саны өтө аз. Шаардагы 95 мектептин ичинен №5, №68, №69, №19, №93 гана толук кыргыз тилинде окутулат. 

«Бирок, баардык эле мектептерде кыргыз тилдүү класстарды ачып жатабыз» - дейт министрлик.