15:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда «Салафизм» идеасын жактагандар соттолду

Худжандда «Салафия» кыймылынын үч жактоочусу 5 жылдан эркинен ажыратылды. Алар экстремисттик ишмердүүлүк уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Салафизм идеасын жактабай, бирок мечиттерде бөтөнчө намазга жыгылган адамдар тууралуу укук коргоо органдарына маалымат бербегени үчүн үч киши 6 айдан абакка кесилди.

Соттолгондор диний билимге ээ болгон эмес, «Салафия» кыймылына интернет аркылуу киришкен. Алардын бири социалдык түйүндөрдө «Юганск муфтийи» деген ник менен белгилүү болгон.

Маалыматтарга караганда, соттолгондордун бири, 37 жаштагы Мухиддин Мирзоев башкаларды тыюу салынган агымдын катарына тарткан. Ал орто билимге ээ, унаа ремонттоп иштеген. Салафизм идеасына 2011-жылы эле Сауд Арабияда жашаган агасынын таасири менен WhatsApp месенжери аркылуу тартылган.

Тажикстанда Жогорку сот «Салафия» кыймылын 2009-жылы экстремисттик деп таап, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар