Тажикстандын мектептерине балаты өткөрүүгө тыюу салынды

15:24, 21 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын мектептеринде балаты өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министрлиги буйрук чыгарды.

Маалыматка караганда, ата-энелерден акча топтоого бөгөт жана сарамжалдуулук үчүн мындай чечим кабыл алынды.

Билим берүү министрлиги кышкы каникулдарда окуй турган китептердин тизмесин дагы мектеп окуучуларына таркатты.