Жасалма документ менен баласын өлкөдөн алып кетүүгө аракеттенген аял кармалды

13:59, 21 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Жасалма документ менен баласын өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракеттенген аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Алардын айтымында, 1958-жылы туулган өлкө жараны 7 жашар кызы менен Ош-Москва каттамы аркылуу учуп кетмекчи болгон.

Аялдын айтымында, документтердин түп нускасын жоготуп алгандыктан, жасаткан. Аял УКМКга өткөрүлүп берилди.