НТС телеканалы ишин токтотбойт

10:03, 21 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

НТС телеканалы ишин токтотбойт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине каналдын өкүлдөрү билдиришти. 

Алардын айтымында, сот аткарчуулар каналдын мүлкүн каттоого алууну улантууда. 

Grexton Capital Ltd. компаниясынын юристти Елена Дзимидович телеканал иштей берерин айткан. Бул боюнча НТС жетекчилиги менен дагы макулдашылды.  

Эскерте кетсек, НТСтин мүлкүн талашып жаткан, офшордо катталган Grexton Capital Ltd. компаниясы мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге тиешелүү.