Искендер Гайипкулов Жогорку Кеңешке депутат болду

09:53, 21 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Искандер Гайипкулов бүгүнкү отурумда ант берди.

Ал «Ата Мекен» фракциясына камалган Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болуп келди.

Искандер Гайипкулов 1966-жылы төрөлгөн. Ош облусунун Араван районунун тургуну. Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеген.