00:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Ата-Мекендин» дагы бир депутаты соттолду

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекендин» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов соттолду. Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны мамлекетке 5 млн. сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Аны менен кошо соттолуп жаткан Германиянын жараны «Барат-Юкс» ишканасынын жетекчиси Али Юкселге да ушундай өкүм чыкты. Экөө тең эркиндикте калды. Ал эми бул иш боюнча айыпталган мурдагы депутат, Эсептөө палатасынын аудитору Жусуп Иманалиевди сот 10 жылга эркинен ажыратты.

Алмамбет Шыкмаматовдун коомдук коргоочусу Канат Хасанов сот чечимине нааразы экендигин, бул иште Шыкмаматовдун күнөөсү жок экенин белгилеп, жогорку сот инстанциясына кайрылышарын билдирди. Адвокат соттук териштирүүдө Шыкмаматовго коюлган айып далилденген жок деп эсептейт.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча иш козгогон.

Тергөөнүн маалыматында «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы» айтылат. Германиянын жараны Али Юксел жетектеген «Барат Юкс» ишканасы Эсеп палатасына кызматтык унаа сатуу үчүн тендерге катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума