14:05, 19 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Ата-энесинин бирөөсү диний радикалдуу топтун мүчөсү болсо, аны ата-энелик укугунан ажыратууга болобу?
Жооп: Ал үчүн мамлекеттик органдарга расмий катталган никени ажыраштырыш керек. Тергөө органдары баланын ата-энесинин бирөө өлкөдө тыюу салынган диний радикалдуу топтун мүчөсү экендигин далилдесе, ал жаран соттолот. Ошондо, соттун чечиминин негизинде гана жарандык сотко кайрылып, аны ата-энелик укугунан ажыратуу өтүнүчүн көтөрүүгө болот. Соттун чечимисиз күнөөлөгө жана ата-энелик укуктан ажыратууга болбойт.
Негизинен мыйзам боюнча да, исламда дагы баласын 17 жашка чейин багып, чоңойтуу милдет.