Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкка кайтып келет

11:54, 19 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына кайтып келет. Айрым маалыматтарга караганда, анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде каралышы күтүлөт.

Толкунбек Абдыгулов азыр вице-премьер-министр. Ал 2014-2017-жылдары (августь айына чейин) Улуттук банкты жетектеген.