«Ташкент — Балыкчы» поезди жайында гана жүрүп турат

11:07, 19 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

«Ташкент — Балыкчы» поезди жайында гана жүрүп турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Алардын айтымында, азыр даярдык иштери жүрүүдө. Темир жол каттамы 2018-жылдын жай айында ишке кирип, аптасына бир жолу болот.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиеев менен жолугушуу учурунда Ысык-Көлгө чейин темир жол каттамын ачууну макулдашкан. Быйыл биринчи жолу «Тамчы» аба майданына Ташкенттен учак келип конду.