Ош мэриясы мектепке батпаган окуучулардын айласын тапты

10:12, 19 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында М.Ломоносов атындагы мектепке 500 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

Алардын маалыматында, аталган мектепте бир класста 40-50 окуучу билим алып ыңгайсыздык жаралып жаткандыктан кошумча имараттарды куруу чечими кабыл алынган. 

Жаңы имарат 20-январга чейин бүтөт. Ага 70 млн сом сарпталды.