Бир суткада 9 өрт кырсыгы катталды

13:52, 18 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде өлкөдө аймагында 9 өрт кырсыктары катталды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Ири өрттөрдүн бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарчасында болду. Кааланын Асанов көчөсү № 43 дарегиндеги үйдүн 50 чарчы метр жыгач устундуу чатыры жана үй эмеректери күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.