Өткөн сутка ичинде өлкөдө аймагында 9 өрт кырсыктары катталды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Ири өрттөрдүн бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарчасында болду. Кааланын Асанов көчөсү № 43 дарегиндеги үйдүн 50 чарчы метр жыгач устундуу чатыры жана үй эмеректери күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.