Коопсуздук кеңешинин катчылыгына эки талапкердин аты аталууда

11:11, 18 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев жумуштан бошотулду. Анын ордунда эки талапкердин аты аталууда.

«24.kg» агенттигине белгилүү болгондой, Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Мирбек Касымкулов менен Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшенбиев каралууда.

Алмазбек Курманалиев октябрь айында бул кызматка дайындалган.