Мурат Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын 80-сезону ачылды. Бул тууралуу Мадания, маалымат жана туризм министрлиги маалымдайт.
Жаңы сезон «Күйөө сатам» спектакли менен башталды. Шамбет Мендебаировдун эмгеги көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, кайра кайталанып коюлмай болду.
Бүгүнкү күндө, 15-декабрдан баштап чыгармачылык жамаат балдар учун «Жаны жылга сапар», «Сыйкырчы аяз кыз», «Коркок жоокер» аттуу жаны жылдык жомоктору менен буюртма аркылуу кардарларды тейлөөдө.