10:35, 14 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында суицид күч алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында Наталья Никитенке тынчсыздануусун билдирди.
Анын айтымында, ар бир мектепке психолог дайындоо керек. Алар окуучулар менен тыгыз иштеп маселенинин алдын алып турушу абзел.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Ош шаарында 300 өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга аракеттенгени аныкталды. 20 өлүм катталды.