09:28, 14 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Бишкек Ала-Тоо аянтында жаңы-жылдык кечени уюштурган режиссерго 3,3 миллион сом төлөп берет. Бул тууралуу жарыя мамлекеттик сатып алуу порталында пайда болду.
Ордо калаанын Маданият башкармалыгы үч жаңы-жылдык кечени даярдоого режиссердун кызматына тендер жарыялады. Ал 15-декабрда балаты жандырып, 31-декабрда эртең мененки жана кечки иш чараларды уюштуруп бериши керек.
Иш чаралар концерттик жана театралдык программа менен коштолушу зарыл.