17:44, 13 декабря 2017, Бишкек - 24.kg
Талас облусунун Кара-Буура районунун мектеп окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.
Окуучунун өз өмүрүнө кантип кол салгандыгы азырынча белгисиз. Анын сөөгү 12-декабрда 16.00дө табылды.
Мектеп директорунун айтымында, өспүрүм тартиптүү бала болчу. Ал тайэнеси менен чогуу жашачу.
Эскерте кетсек, 7-декабрь күнү Майлы-Суу шаарында мектеп окуучусу асынып алды. 11-декабрда Талас облусунда 9-класстын окуучусу дагы өз өмүрүнө кол салган.